• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Ташкент дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын алдыңкы үчтүгүнө кирди

14 Бештин айы 2023 16:53 Бишкек Govori.TV

QAir сайтынын маалыматына ылайык, 14-декабрь күнү саат 11:19га карата Ташкент (251 AQI) дүйнөдөгү абасы эң кир шаарлардын тизмесинде үчүнчү орунга чыкты.

Бул тизменин биринчи сабына Индиянын Дели шаары (270 AQI), экинчиге Пакистандын Лахор шаары (262 AQI) жайгашкан.

Эртең мененки саат 08:50дө мониторинг станциясы Ташкентте абадагы PM-2,5 бөлүктөрүнүн концентрациясы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму белгилеген көрсөткүчтөн 55 эсеге ашык экенин көрсөткөн.

Бул Өзбекстандын баш калаасындагы абанын сапаты эл аралык стандарттар боюнча адамдын ден соолугу үчүн «өтө зыян» экенин ырастап турат.

Буга байланыштуу Ташкенттин тургундарына көчөгө чыкканда беткап тагынуу жана кир аба кирбеши үчүн терезелерди жабуу сунушталды.

Количество просмотров: 94