• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Ташкент дүкөндөрүндө сүт тартыштыгы байкалууда

11 Тогуздун айы 2022 17:41 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандык керектөөчүлөр Ташкенттеги дүкөндөрдө жергиликтүү өндүрүштөн чыккан сүт тартыштыгы пайда болуп жатканын билдирүүдө. Соцтармак колдонуучуларынын жазышынча, супермаркеттердин текчелеринен «Лактел» жана «Мусаффо» сүт бренддери көрүнбөй калды.

«Озодлик» радиосу Ташкенттеги супермаркеттердин бири жергиликтүү өндүрүштөн чыккан сүттү бир күндө бир кишиге үч-төрт пакеттен ашык эмес өлчөмдө гана сатып жатканын аныктады.

Орусия жана Балтика өлкөлөрүнөн импорттолгон сүт жергиликтүү брендерге караганда 30-40% кымбат.

1,5% майлуулуктагы «Простоквашино» сүтү 2,2 доллар болсо, жергиликтүү «Лактель» менен «Мусоффо» сүттөрү 1,3 доллар турат.

Маалыматка караганда, пакеттелген сүттөрдүн кымбатташына жана тартыштыгына швед-швейцариялык Tetra Pak компаниясынын Орусияда ишин токтоткону себеп болгон. Tetra Pak азык-түлүк продукцияларын таңгактоочу, куюучу материалдарды жасаган дүйнөлүк ири компания болуп эсептелет.

Өзбекстанда азык-түлүк өнүмдөрүн орой турган материалдарды чыгарган компания жок. Украинада согуш башталганга чейин бул материалдар Өзбекстанга Орусиядан жеткирилип турган.

Количество просмотров: 69