Ташкент метросунда бойго жеткен кызга тийишкен 30 жаштагы тургун беш суткага камалды. Сот 31-январда өткөн жабык отурумда аны Административдик кодекстин «Сексуалдык ыдык көрсөтүү» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан.
Сот чечимине ылайык, М.А. аттуу жаран аны беш күн камакта кармоого кете турган чыгымдардын ордун толтуруу үчүн базалык эсептик көрсөткүчтүн 15% өлчөмүндө компенсация төлөөгө да милдеттендирилди.
«Газета.uz» басылмасы кабарлагандай, соттолуучу метродо В.А. аттуу кызга жабышып, аны кучактаган.
Сотто ал айыптоолорду четке кагып, метродо жүргүнчүлөр көп болгонун, поезд жылганда кыз артты көздөй ооп, аны кулап кетпесин деп ийнинен жөлөп койгонун айткан.
Бирок кыз соттолуучунун бул айткандарын төгүндөп, ал ага атайылап жабышканын, акыркы станцияга жеткенде да түшпөй, анын артынан аңдыганын билдирди. Жабырлануучу М.Анын бул аракетин ыдык көрсөтүү деп эсептей турганын белгилеп, соттон ага катаал жаза берүүнү өтүнгөн.