• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ташкент-Стамбул аба каттамынын жүргүнчүсү учакта көз жарды

27 Чын куран 2023 15:18 Бишкек Govori.TV

26-апрелде «Өзбекстан аба жолдору» авиакомпаниясынын Ташкент-Стамбул учагында жүргүнчү келиндердин бири көз жарды.

Маалыматка караганда, бала учак Стамбулга жакындап калганда төрөлгөн. 27 жаштагы Ситора А. аттуу жүргүнчү өзүн жаман сезип, стюардессаларды чакырган.

«Бир канча убакыттан кийин жүргүнчү келин төрөдү. Учак ийгиликтүү конгондон кийин Стамбул эл аралык аэропортунун медициналык кызматкерлери ага жардам берип, клиникага алып кетишти. Азыр эне-баланын абалы туруктуу деп бааланууда», – деп жазылган авиакомпаниянын билдирүүсүндө.

«Өзбекстан аба жолдору» баланын төрөлүшүнө жардам берген жүргүнчүлөргө ыраазычылык билдирип, аларга эстеликке белектер берилерин жарыялады.

Расмий билдирүүлөрдө белгиленгендей, ымыркай Учкучтардын эл аралык күнүндө жарык дүйнөгө келди.

Количество просмотров: 86