2019-жылы Ташкентте 13 жаштагы кызды зордуктаган жаран 15 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди 18-октябрда Ташкенттин Кибрай райондук соту кабыл алды.
2019-жылы баш калаанын Кибрай районунда 13 жаштагы кызды коңшусу зордуктаганы жөнүндө макала Nemolchi.uz басылмасына чыккан. Маалыматка караганда, кыз зордукчунун опузасынан коркуп, бул жөнүндө эч кимге айтпай жүргөн. Кийин коңшусу Улуттук гвардиянын коопсуздук кызматына кызматка кирген.
Бул окуя боюнча Кибрай райондук прокуратурасына 2022-жылы 2-мартта эле арыз жазылганына карабастан, кылмыш иши быйыл 4-апрелде гана козголгон. Тергөө иштери августта аяктап, иш сотко өткөн.
Расмий маалыматтарга ылайык, 2021-жылы Өзбекстанда балдарга карата сексуалдык зомбулук жасоого байланыштуу 334 кылмыш иши козголсо, 2022-жылы бул көрсөткүч 395ти түзгөн. Акыркы үч жылдын ичинде соттун чечими менен 2072 адам ата-энелик укугунан ажыратылган.
2021-жылы Өзбекстанда жашы жете элек балдарга каршы жасалган кылмыштардын жалпы саны 1 831ди, 2022-жылы 2 194тү түзгөн.
Буга чейин 2023-жылдын тогуз айында жашы жете электерге карата зомбулук көрсөткөн 417 учур катталганы кабарланган.