• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ташкентте 20 жумушчу жапырт түрдө тамак-ашка ууланды

19 Үчтүн айы 202316:33 Бишкек Govori.TV

Ташкенттеги курулуш компанияларынын биринде иштеген 20 жумушчу тамак-ашка ууланып, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Өзбекстандын Санитардык-эпидемиологиялык кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бейтаптарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлдү. Учурда абалдары туруктуу.

Кайсы курулуш компаниясынын жумушчулары ууланганы, тамак кайсы жерде, кандай шартта жасалганы айтылган жок.

Санитардык-эпидемиологиялык кызмат өзбекстандыктарды сапаты текшерилбеген азык-түлүктөрдү колдонбоого, тамак даярдоо учурунда санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоого үндөдү.

Количество просмотров: 111