• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Ташкентте аскердик комиссариаттын башчысы пара менен кармалды

17 Чын куран 2023 17:45 Бишкек Govori.TV

Ташкенттеги райондордун биринин Коргонуу иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы 600 доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, аткаминер Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы менен бирге жүргүзүлгөн атайын операциясы маалында кармалган. Ал жарандардын бирине мыйзамсыз түрдө аскердик билет жасап берүүнү убадалап, бул үчүн андан 600 доллар сураган.

Ушул эле күнү Сырдарыя облусундагы Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү борборунун директору да пара алып жатканда кармалганы кабарланды. Маалыматка караганда, директор студенттердин сабакка катышуусун көзөмөлгө албоо үчүн жергиликтүү окуу борборунун жетекчилигинен 300 доллар талап кылган. Ал бул сумманын 120 долларын алып жатканда кармалган.

Бул кызмат адамдарына карата «Пара алуу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, экөө тең камакка алынды.

Количество просмотров: 66