• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Ташкентте аялдарды 22:30дан кийин кафеге киргизбеген ишкерге айып салынды

1 Бештин айы 2023 9:15 Бишкек Govori.TV

Ташкенттин Шайхантахур райондук соту «жынысы боюнча басмырлоону пропагандалаганы» үчүн Sahil Street Food кафесинин жетекчиси менен кызматкерин административдик жоопкерчиликке тартты. Бул тууралуу «Газета.uz» басылмасы жазды.

Соттун чечимине ылайык, эки айыпталуучунун ар бири 6,6 миллион сумдан айып пул төлөөгө милдеттендирилди.

18-ноябрда журналист Инобат Ахатова курбусу менен аталган кафеге кире албаганын, күзөтчүсү кечки саат 22:30дан кийин аялдар киргизилбей турганын айтканын билдирген.

Ал бул тууралуу президенттик порталга жазып, жынысына карап басмырлоо болгону боюнча укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган.

29-ноябрдагы сот отурумунда кафенин жетекчиси күнөөсүн мойнуна алып, кафеде атайын кездемелер менен тосулган чатырлар бар экенин, ал жакта айрым эркектер менен аялдар «түрдүү ыксыз аракеттерди жасагандыктан», 22:30дан кийин аялдарды киргизбөө чечими кабыл алынганын айтты.

Ал өкүнүчүн билдирип, видеокайрылуу жасап, кечирим сурады. Анын кызматкери да ушундай эле көрсөтмө берип, күнөөсүн мойнуна алды.

Бул Өзбекстанда гендердик басмырлоо тууралуу жаңы берене боюнча чыккан алгачкы сот өкүмү экени кабарланды.

Өлкө президенти Шавкат Мирзиёев быйыл 31-октябрда Кылмыш жана Административдик жоопкерчилик тууралуу кодекстерге киргизилген өзгөртүүлөргө кол койгон. Ага ылайык, адамды жынысына карап басмырлоо, аялдар менен эркектердин тең укуктуулугун ачык тануу, бул сыяктуу көз караштарды таратуу жана мындай аракеттерди кубаттоо үчүн жаза киргизилген.

Количество просмотров: 99