23-январда Ташкенттин кылмыш иштери боюнча Чиланзар райондук соту бала бакчадагы кыздарга ыдык көрсөтүүгө айыпталган 15 жаштагы өсүрүмгө карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу Өзбекстандын Жогорку сотунун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, жабык өткөн сот отурумунда Чиланзар районундагы бала бакчанын директорунун 15 жаштагы уулу «Жыныстык каалоосун табигый эмес формада күч менен канааттандырууга аракет кылуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, алты жылга эркинен ажыратылды. Ал жаза мөөнөтүн тарбиялоо колониясында өткөрөт.
2023-жылы май айында Ташкенттеги «Козмунчак» бала бакчасынын директорунун уулу бакчадагы төрт кызга ыдык көрсөткөн деп шектелип жатканы кабарланган.
Соттун документтерине ылайык, 4-майда өспүрүм балдар уктап жаткан бөлмөгө кирип, алты жаштагы төрт кызга ыдык көрсөткөн. Бул окуядан кийин бакчанын жетекчиси иштен алынган.
Жогорку соттун басма сөз кызматынан белгилешкендей, тараптар соттун өкүмү боюнча мыйзамда белгиленген мөөнөттүн ичинде Ташкент шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрыла алышат.