Ташкентте канализация үчүн чуңкур казып жаткан беш жумушчуну топурак басып калып, экөө каза болду. Дагы бир жумушчу ооруканага жаткырылды. Маалыматты Ташкенттин Үчтепа райондук акимчилиги ырастады.
Үчтепа районунун акиминин орун басары Азиз Наимов калган эки жумушчунун абалы канааттандырарлык экенин билдирди.
«Учурда укук коргоо органдары тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат», — деп айтылат акимчиликтин билдирүүсүндө.
11-октябрда Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ташкенттин Үчтепа районундагы Бешкайрагоч көчөсүндө саркынды суулар үчүн чуңкур казып жатканда жер көчүп, үч жумушчу топурактын алдында калган болушу мүмкүн экенин кабарлаган.
Окуя болгон жерге дароо шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн куткаруучулар жөнөтүлүп, жер астында калган жарандарды издеп жатканы айтылган.