Классташын сактап калууга аракет жасап, бирок өзү сууга чөгүп кеткен 10 жаштагы Абдулла Рузибоевди жерге беришти. Трагедия 21-январда Алмазар районундагы сууканалда болгон.
https://www.facebook.com/uzbek.trend/videos/805741556292854/
10 жаштагы Абдулла Рузибоев классташы Шохжахон Рузибоев экөө мектептен үйгө келе жатышканда досу каналга кулап кеткен. Абдулла муз болгон сууга түшүп Шохжахонду куткарып, бирок өзү чөгүп кеткен.
– Суу шар акчу. Абдулланын денесин эки күндөн кийин ал чөгүп кеткен жерден бир чакырым алыс аралыктан таптык, – деди өлгөн баланын кошунасы.
21-январда Интернетте ӨКМ куткаруучулары 10 жаштагы баланын денесин издеп жүрүшкөнү тартылган видео тараган.