• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ташкентте кыргыз-өзбек кызматташтыгы талкууланды

6 Жетинин айы 2020 16:26 Бишкек Govori.TV

Ташкентте иш сапары менен жүргөн Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди 5-ноябрда өзбек премьер-министри Абдулла Арипов кабыл алды.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Казакбаев жолугушууда Кыргызстан буга чейин макулдашылган бардык эл аралык келишимдерди аткарууга даяр экенин белгиледи.

Эки тарап саясий, экономикалык, маданий жана суу-энергетика тармагындагы кызматташтыкты талкуулашты. Ошондой эле “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу долбоорунун маанисин белгилешип, чек ара аймактарындагы логистикалык борборлордун курулушу жана гидроэнергетикалык тармактагы долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө сүйлөшүштү.

Арипов Өзбекстан Кыргызстандагы реформаларды колдоого, экономиканы өнүгүшүүгө көмөктөшүү үчүн техникалык-каржылык жактан жардам берүүгө жана COVID-19 менен күрөшүүгө жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

Руслан Казакбаев президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун кызматка киришкенин биринчилерден болуп куттуктаганы үчүн Ариповго ыраазычылыгын билдирди. Куттуктоо бир тууган элдин жылуу кадамы катары бааланарын айтты.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына нааразы партиялардын митингинен кийин өлкөдө бийлик алмашкан.

Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровду жогорку кызматка дайындалышы менен расмий түрдө азырынча Өзбекстандын гана өкмөт башчысы куттуктады.

Количество просмотров: 54