• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Ташкентте мектеп окуучусу токко урунуп каза болду

29 Жетинин айы 2023 15:02 Бишкек Govori.TV

Соттук-медициналык экспертиза Ташкенттеги №99 мектептин 8-классынын окуучусу ток урунуп каза болгону тууралуу болжолдуу корутунду чыгарды. Бул тууралуу 28-ноябрда жергиликтүү ЖМКлар Башкы прокуратуранын билдирүүсүнө шилтеме кылып кабарлашты.

Бирок Башкы прокуратура менен мекеменин басма сөз катчысынын социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына мындай маалымат чыккан эмес.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, өспүрүм «электр травмасынан, курч респиратордук жетишсиздиктен, мээсиндеги жана өпкөсүндөгү шишиктен улам» каза болгон.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө Ташкенттеги мектепте бир окуучу токко урунуп каза болгону жөнүндө маалыматтар жарыяланган. Анда өспүрүм мектептин аймагындагы ачык электр зымына тийгенде ток урганы жазылган.

Бирок Ташкент шаардык билим берүү башкармалыгы бул маалыматты четке кагып, окуучу 27-ноябрда спорттук аянтчадан чыккандан кийин мектептин короосунда эс-учун жоготконун билдирген. Мекемеден мектептин күзөтчүлөрү дароо тез жардам кызматын чакырып, ооруканага жеткиришкенин, бирок окуучу күтүүсүздөн каза болуп калганын айтышкан.

«Газета.uz» басылмасы белгилегендей, башкармалык кийинчерээк өз билдирүүсүн өзгөртүп, «мектеп стадионунда да, анын айланасында да электр зымдары болбогону жана окуучу токко урунуп өлбөгөнү» тууралуу бөлүгүн өчүрүп койгон.

Учурда бул иш боюнча райондук прокуратура тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Количество просмотров: 153