• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Ташкентте сегиз жаштагы кызга тийишкен 63 жаштагы киши кармалды

9 Баш оона 2023 16:04 Бишкек Govori.TV

Ташкентте сегиз жаштагы кызга тийишип, күч колдонуу менен аны өпкөн 63 жаштагы киши кармалды.

Ташкент шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, кармалган адам 8-август күнү кечке маал борбор калаанын көчөлөрүнүн биринде сегиз жаштагы кызга карата адепсиз иштерди жасаган.

Тартип сакчылардын айтымында, жабыркаган кыздын ата-энеси бул жагдай боюнча ички иштер органдарына арыз менен кайрылган эмес. Бул учурду камерага тартып алган күбөлөрдүн бири видеону соцтармактарга чыгаргандан кийин кызга зомбулук көрсөткөн адам кармалган.

Бул боюнча Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин «16 жашка чейинкилерге жасалган адепсиз аракеттер» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү камакка алынып, тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 102