Ош ОИИБ сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо фактысы боюнча кылмыш иши иликтенүүдө.
ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынын башында Ош облусунун тургуну милицияга кайрылып, мамлекеттик органдын кызматкери тарабынан ага карата сексуалдык мүнөздөгү ыдык көрсөтүлүп жатканын билдирген.
«28 жаштагы арыздануучунун айтымында, ал материалдык жактан камсыздоону убада кылуу менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлап, уюлдук телефон аркылуу уятсыз сүрөттөрдү жана видеолорду жөнөтүп турган. Бул факты боюнча Ош облусунун ИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренеси (Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо) менен кылмыш иши козголгон», — деп жазылат маалыматта.
Тергөөнүн алкагында ички иштер органдарынын кызматкерлери райондук мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басары болуп иштеген 38 жаштагы А.А. аттуу жаранды кармалып, соттун чечими менен ага карата камакка алуу баш коргоо чарасы тандалып алынган.
Азыркы учурда тергөө иштери улантылып жатат.