• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Ташкентте турак жайлардын ижара акысы 50% көтөрүлдү

25 Тогуздун айы 2022 14:55 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Экономикалык иликтөөлөр жана реформалар борбору Ташкентте турак жайлардын ижара акысы жыл башынан бери 22,4% кымбаттаганын билдирди.

Борбордун эксперттеринин пикирине караганда, бул сентябрда турак жай ижарасына болгон суроо-талаптын кескин жогорулаганына байланыштуу. Маселен, Ташкенттин Шайхонтохур районунда 1 чарчы метр үчүн ижара акы 12,5 долларды, Мирабад менен Яккасарай районунда –10,8 долларды түзгөн. Сергели районунда ижара 6,7 долларга жана Бектемир районунда 4,6 долларга чейин көтөрүлгөн.

Маалыматка караганда, Алмазар районунда ижара акысы 49%, Яшнабад районунда 44%, Сергели районунда 34% жана Шайхонтохур районунда 33% кымбаттаган.

Буга чейин Орусиядагы аскердик мобилизациядан качкандардын бир бөлүгү Ташкентке жайгашкандан кийин үйлөрдүн ижара акысы кымбаттап кеткени кабарланган. Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматына караганда, сентябрда Өзбекстанга 78,2 миң орусиялык келген, бул апрелге салыштырмалуу 2,7 эсеге көп.

Орусияда аскердик мобилизация жарыялангандан бери жүз миңдеген киши өлкөдөн чыгып кеткени айтылууда. Өзбекстандын өкмөтү Ташкенттеги IT-парк февралдан бери келген жогорку квалификациялуу 6000 адис менен толукталганын билдирүүдө.

Количество просмотров: 78