• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ташкентте зордукталып өлтүрүлгөн 12 жаштагы кыздын сөөгү табылды

1 Бирдин айы 2023 15:57 Бишкек Govori.TV

31-январда Ташкент шаарынын Янгихает районунда зордуктоонун белгилери бар 12 жаштагы кыздын сөөгү табылды.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы билдиргендей, “Зордуктоо” жана “Атайлап киши өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголду.

Ведомство шектүү катары 29 жаштагы киши кармалганын, ал былтыр жайында өлгөн кыздын үйүндө ремонт иштерин жасап иштегенин белгиледи. Башка маалымат айтылган жок.

12 жаштагы кыз мектептен кеткен бойдон үйгө кайтып келбегени тууралуу маалымат 31-январда Uzalert Телеграм-каналында жарыяланган. Ошол эле күнү кечинде кыздын сөөгү табылганы, издөө иштери токтотулганы кабарланган.

Булак: centralasian.org

Количество просмотров: 158