• Жекшемби 4 Кулжа 2023
  • Воскресенье 4 Июнь 2023

Таштанбеков: Өкмөт «кайф» кармап жүрөсүңөр да…

3 мая 2023 в 13:11 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-майдагы ЖКнын жалпы жыйында депутат Акбөкөн Таштанбеков Министрлер кабинетин ичкенде алган айлыгынын баарын ар кимге таратып салган таанышы менен салыштырды.

Жыйынында мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы мыйзам долбоору каралып жаткан учурда ал таанышынын окуясын мисал кылып, сатып алуулар тууралуу айрым жагдайларга сын айтты.

«Министрлер кабинети деле ошондой. Адегенде акча чогултат, анан тендерде чачып. Биз баарын дүңүнөн сатып алабыз. Эмнеге ортомчулар аркылуу ушундай кылып жатабыз?» — деп сурады Таштанбеков.

Количество просмотров: 40