Бишкек мэриясы эми таштанды контейнерлеринин жанына туура эмес токтотулган унаалар мажбурлоо жолу менен эвакуацияланып, ээлерине айып пул салынаарын эскертти.
Муниципалитеттен билдиришкендей, рейддик иш-чаралар Көк-Жар кичи районундагы Малдыбаев көчөсүндө, ошондой эле Абай көчөсүндө (Горький көчөсүнө чейин) текшерилди. Анын жыйынтыгы боюнча протоколдор түзүлдү. Жалпысынан «Тазалык» ишканасынын атайын техникаларынын ишине тоскоолдук жараткан 9 унаа эвакуацияланып, айып короого жеткирилди.
Белгилей кетсек, таштанды төгүүчү жайларга унаа токтотууга каршы рейддер туруктуу негизде өткөрүлөт. Эреже бузгандарга тиешелүү чаралар көрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.
«Урматтуу шаар тургундары жана айдоочулар! Таштанды контейнерлеринин жанына унаа токтотпоону өтүнөбүз»,-деп айтылат маалыматта.