• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Таштанды полигонун рекультивация кылуу иштери башталды

31 Үчтүн айы 2022 12:46 Бишкек Govori.TV

Бишкектин таштанды полигонун рекультивация кылуу иштери кайра башталды. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасынын директорунун орун басары Адил Назаров билдирди.

«5-январдан тарта Бишкектин чыгыш тарабындагы таштанды төгүлүүчү жайды рекультивация кылуу иштерин өз күчүбүз менен кайра жанданттык. 25 күндөн бери түтүндү өчүрүү иштери жүрүп жатат. Бул бир айга созулат. Рекультивация иштерин эстониялык компания аткарса эки эсе каражат сарпталмак. Бүгүнкү күндө ижарага алынган 4 трактор иштеп жатат. Күнүнө 20 миң төлөнөт. Анын ичине шопурдун айлыгы менен күйүүчү май кирет», — деди Назаров.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандагы эң чоң таштанды полигону Бишкек шаарынын чет жакасында жайгашкан. 1970-жылдары эле ачылып, колдонуу мөөнөтү эбак аяктаса да жабыла элек.

Количество просмотров: 50