• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Таштандыдан арылбаган Суусамыр жолу

1 Теке 2022 17:56 Бишкек Govori.TV

Суусамыр жолу таштандыдан тазаланбай турат. Бул тууралуу журналист Акылай Маратова Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, убагында алынбаган таштандылар шамалда учуп, жол жээгине чыгып калган.

«Бишкектен Ош, Талас, Жалал-Абад, Баткен каттамына чыккан тургундар, айдоочулар жолдон таштандыңарды ыгытпай эле кетсеңер. Карагылачы биздин жаратылыш эмне болуп калганын»,-деп жазган ал.

Ошондой эле Маратова Ички иштер министрлигине төмөндөгүдөй сунуш берген.

«Милиция кызматкерин же формачандарды милдеттендирүү менен аралыгын аныктап, Бишкектен Баткенге чейинки жолго жана Ысык-Көл, Нарын, Чүй жолуна коюш керек. Алар бул жолдон өткөн ар бир унааны токтотуп айдоочусун кошуп жолдогу таштандыларды тазалатышы зарыл. Мында ар бир милициянын унаасында таштанды сала турган кап болушу шарт. Бул акцияны бир ай же убактысын аныктап кайталап өткөрүп туруш керек. Ошондо бул жолдон өткөн эл таштандысын ыргытпай жаратылышыбызды таза сактап кала алабыз! Ооба, жүргүнчүлөр нааразы болушу мүмкүн «бул таштандыны мен таштаган жокмун» ж.б. деп. Ооба ал таштаган жок бирок аларды ташыган унаада бараткан эл таштап жатат, ошол эле учурда анда таштандыны көрүнгөн жерге ыргытпа деген ой калыптанат»,-деп кошумчалады ал.

Количество просмотров: 131