Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, Талас айылынын жашоочусу С.Г (таенеси) келип, небересин өзүнө алып кетүүгө даяр экенин билдирген.
«Бирок таенесине берүү үчүн мыйзамга ылайык шарттарынын жана талаптардын аткарылышынын негизинде берилет жана бул боюнча атайын жумуш жүрөт. Учурда бала дары-дармек, медициналык жардам жана кийим-кече менен камсыздалган», — деп жазылат маалыматта.