Бишкек мэриясы таштандыны кайра иштете турчу заводдун курулушу кайсы этапка келип калганы тууралуу маалымат таратты.
Муниципалитет азыркы учурда административдик имараттын жана заводдун пайдубалы куюлуп, 4 кабаты бетон менен тургузулганын билдирди.
Азыр курулушта 230 жумушчу иштеп жатат. Завод жылдын аягында ишке берилет.
Өндүрүштүн жалпы аянты 12 гектарды түзөт. Анда түшүрүү залы, таштанды чуңкуру, отказан аянты, түтүн газдарды тазалоо зонасы, түтүктөр цехи жана гидротехникалык аймак болуп 6 зона болмокчу.