• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

ТАСС: «Крокуста» өрт коопсуздугу бузулганы боюнча иш козголду

8 Чын куран 2024 9:15 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Тергөө комитети «Крокус Сити Холл» имаратында өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушуна байланыштуу шалаакылык боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу ТАСС мамлекеттик агенттиги укук коргоо органдарындагы өз булагына таянуу менен билдирди.

Иш козголгону тууралуу расмий маалымат бериле элек.

ТАСС агенттиги концерттик залдагы өрт коопсуздугуна жооптуу адам, ошондой эле «Крокус» имаратынын өрт өчүрүү кызматынын жетекчиси шектелип жатканын белгиледи. Алардын ысымдары айтылган эмес. Аларга эч жакка кетпөө жөнүндө эскертилген. Иш качан козголуп, кандай баш коргоо чарасы тандалганы айтыла элек.

«Крокус Сити Холл» имаратына кол салгандар алгач адамдарга ок чыгарып, андан соң залды өрттөп, имараттан чыгып кетишкен. Концерттик зал дээрлик толугу менен күйгөн.

Айрым күбөлөр залдагы автоматтык өрт өчүрүүчү системалар иштебей калганын айтышкан. Бул арада ЖМКлар дубалдарды жасалгалоодо колдонулган материалдар өрттүн тез жайлышына себеп болушу ыктымал экенин жазышкан. Crocus Group айыптоолорду четке кагууда.

Компаниянын ээси Араз Агаларов өрт өчүрүү системасы теракт маалында «кадимки абалда иштегенин, эртең мененки саат төрттө өчүрүүнү суранышканын, анткени ал күйүп кеткен имаратта иштеп турганын айтты. Агаларовдун билдиришинче, өрткө каршы системалар залды бир нече саат бою кыйроо болбогудай абалда кармап, адамдар чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк алышкан.

Расмий маалыматтар боюнча, «Крокус Сити Холл» имаратына кол салуудан 144 адам курман болсо, ондогон адамдар дайынсыз жоголгондордун тизмесинде. Буга чейин теракт боюнча кылмыш иши козголуп, 10дон ашык адам, анын ичинде кылмышты түздөн-түз аткарды делген кишилер да кармалган. Кыязы, шалаакылык иши негизги иштен өзүнчө тергелүүдө.

Количество просмотров: 46