• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Татарстанда «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун журналисти камакта калды

1 Жетинин айы 2023 17:30 Бишкек Govori.TV

Татарстандын Жогорку соту «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун татар-башкыр кызматынын журналисти Алсу Курмашеваны 5-декабрга чейин камакта калтырды. Журналист 23-октябрда Казан шаарынын Совет райондук сотунун чечими менен камакка алынган.

«Идель.Реалии» басылмасы жазгандай, адвокат соттон Курмашева үчүн камоого байланышпаган бөгөт чарасын өтүнгөн. 31-октябрдагы отурум жабык өтүп, ага тергөө абагында отурган Алсу Курмашева видеобайланыш аркылуу катышты.

Орусиянын Тергөө комитети Курмашевага 26-октябрда «чет элдик агент катары катталуу милдетин аткарган эмес» деген айып таккан. Тергөөчүлөр журналист өзү чет элдик агенттердин тизмесине кошуу үчүн документ тапшырышы керек болчу деп эсептөөдө.

Бул Орусияда журналистке ушул берене менен козголгон алгачкы кылмыш иши болуп калды.

Курмашева өзүнө тагылган айыпты четке кагууда.

Радионун татар-башкыр кызматынын редактору, Прагада жашаган Алсу Курмашева быйыл майда Орусияга жеке маселелерине байланыштуу барган. 2-июнда аны Чехияга кайтарда аэропортто кармап, эки паспортун тең тартып алышкан. Ал Орусиянын жана АКШнын жараны.

Анда Курмашева америка жарандыгы тууралуу орус бийлигине расмий билдирбегени үчүн айыпка жыгылган. 18-октябрда жаңы айып тагылганга чейин ал паспортторунун кайтарып берилишин күтүп жаткан.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосу Курмашеванын кармалышын кескин айыптады.

Количество просмотров: 155