• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Татарстандагы кыргызстандык мигранттарга жеңилдиктер каралды

30 Чын куран 2022 16:57 Бишкек Govori.TV

Кыргыз жарандары Татарстандагы ишканаларга расмий түрдө жумушка орношсо болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев билдирди.

Анын айтымында, аталган өлкөдөгү ишкерлер кыргыз жарандарын жумушка алууда ЕАЭБдин алкагында каралган макулдашууларга өзгөчө маани берет.

«Эмгек мигранттары үчүн жакшы жаңылык. Мекендештерибиз эми Татарстандагы ишканаларда расмий түрдө иштей алат. Андагы ишкерлер кыргыз жарандарын жумушка алууда ЕАЭБдин алкагында каралган макулдашууларга өзгөчө маани берет. Бул болсо Кыргызстандан иштегени баргандарга жеңилдиктер каралат деген сөз. Жогоруда айтылгандар боюнча Татарстанга жасаган иш сапарымда жергиликтүү ишкерлер менен жолугушууда макулдаштык. Муну менен катар Татарстандагы ишканаларда иштөөнү каалаган кыргыз жарандарынын квалификациясы туура келсе катардагы жумушчу гана эмес, алдыңкы иш орундарына дагы кабыл алынат. Ошондой эле Кыргызстанга инвесторлорду тартуу боюнча да пикир алыштык», — деп билдирди депутат.

Количество просмотров: 235