• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Татарстанда учкучсуз аппараттардын чабуулунан кыргыз жараны жабыркады

2 Чын куран 2024 15:53 Бишкек Govori.TV

Татарстандын Елабуга шаарында жайгашкан объектилерге болгон учкучсуз аппараттардын чабуулунан улам 6 адам жабыркады. Анын бирөөсү 2007-жылы туулган И.А.Б. аттуу Кыргызстандын жараны. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Казань шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери бүгүн жаракат алган КР жаранынын ден соолугунун абалы тууралуу кабар алышат барышат.

Кошумчалай кетсек, шейшембиде Елабуга жана Нижнекамск шаарларындагы ишканаларга учкучсуз учуучу аппараттар тарабынан чабуул жасалган. Олуттуу зыян келтирилген эмес, ишканалардын технологиялык процесси бузулган эмес. Жабыркагандарга зарыл болгон жардамдар көрсөтүлүүдө.

Количество просмотров: 270