• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Таттыбүбү Турсунбаева көзү тирүү болгондо  78 жашка чыкмак

12 Теке 2022 12:03 Бишкек Govori.TV

Улуу актриса, кыргыз театры менен киносунун жылдызы Таттыбүбү Турсунбаева тирүү болгондо быйыл 78 жашка чыкмак.

Таттыбүбү Турсунбаева — 1944-жылдын 12-июлунда Нарын облусунун Жумгал районунда төрөлгөн. Чаек айылында орус орто мектепте окуган. 16 жашында алгачкы жолу «Салиманын ыры» аттуу кыска метраждуу тасмага тартылган. 17 жашында Ташкенттеги А.Н.Остров институтунун «Драма жана кино актеру» факультетине тапшырып, 3 жылдан кийин Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын группасына кирген. 

Атактуу кино жана театр артисти Таттыбүбү Турсунбаева, 1981-жылы 21-декабрда 37 жашында каза болуп, сахнада 15 жылдык эмгеги аркасында 30 башкы роль жаратып, 10 кино тасма менен унутулгус элес калтырган.

Количество просмотров: 103