• Шаршемби 3 Кулжа 2026
  • Среда 3 Июнь 2026

Ошто актриса Нурия Алимбаева каза болду

13 Жетинин айы 2019 9:59 Бишкек Govori.TV

Ош улуттук драма театрынын актрисасы Нурия Алимбаева узакка созулган оорудан улам көз жумду. Бул тууралуу анын кесиптештери социалдык тармактарга жазышты.

Нурия Алимбаева 41 жашта болчу. Ал кечээ, 12-ноябрь күнү кечинде каза болду.

«Сахнада, тасмаларда жараткан образдары, шаардык, республикалык, эл аралык иш-чаралардагы алып баруучулук чеберчилиги менен кыргыз маданиятында орду бар инсан эле. Ал боорукер, мээримдүү болчу. Бул оор жоготуу», — деп эскерет Ош улуттук драма театрынын актёру Топчубай Досбаев.

Нурия Алимбаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 13-ноябрда саат 14:00дө Кара-Суу районунун Мамажан айылында өтөт.

Маркумдун артында 1 кызы калды.


Булак: turmush.kg.

Количество просмотров: 1051