• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Татьяна Бакальчук фамилиясын өзгөрттү

23 Аяк оона 202414:30 Бишкек Govori.TV

Wildberries компаниясынын негиздөөчүсү Татьяна Бакальчук өзүнүн фамилиясын алмаштырып, кайрадан Ким болгонун соцтармак аркылуу жарыялады.

«Эң жакшы тандоо — бул ар дайым өзүңүз бойдон калуу. Сиздин Татьяна (бүгүнтөн баштап кайрадан) Ким», — деп жазган ал өзүнүн Telegram каналында.

Татьяна Ким 20 жылдан ашык чогуу жашаган Владислав Бакальчук менен ажырашып кеткенден кийин фамилиясын өзгөрттү.

Эскерте кетсек, 18-сентябрда Москвадагы Wildberries кеңселеринин биринде атышуу болуп, анын кесепетинен эки адам каза болуп, бир нече киши жаракат алган. Милиция кылмыш ишин козгогон.

Количество просмотров: 99