Тергөөчүлөр Москванын борборундагы Wildberries кеңсесиндеги атышуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган 33 адамга, алардын арасында Wildberries компаниясынын негиздөөчүсү Владислав Бакальчуктун күйөөсүнө айып тагышты.
Айыпталуучунун бөгөт чарасы 20 жана 21-сентябрда тандалат. Бул тууралуу ТАСС укук коргоо органдарындагы атын атагысы келбеген булакка таянуу менен билдирди.
Тергөө комитети айыпталгандардын бардыгын камакка алууну талап кылууда.
Мурдараак Бакальчук 48 саатка камакка алынганы, бөгөт чарасы сотто каралары, ага адам өлтүрүү, тартип кызматкерлерине кол салуу, өзүм билемдик кылуу деген айыптар тагылганы кабарланды.
Интернет аркылуу соода жүргүзүүчү Wildberries ири компаниясынын борбор калаа Москвадагы кеңсесинде 18-сентябрда ок атылып, эки киши каза болгон, дагы он чакты киши жараат алган.