• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Таякесинен кордук көргөн бала апасынын кучагында

2 Бугу 201914:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек.02.05.2019.Govori.TV.

Таякеси тарабынан машинеге сүйрөтүлгөн 9 жаштагы К. Ж аттуу өспүрүмдүн апасы бүгүн Бишкекке учуп келди. Бул тууралуу “Балдардын укугун коргоо лигасынан” билдиришти.

Маалыматка ылайык, баланын апасы интервью берүүдөн баш тартып, жолдо карай чарчап, 3 күн уктабаганын билдирди.


Учурда социалдык тармактарда жарык көргөн эне-баласын бооруна кыскан сүрөтү коомчулуктун жүрөгүн элжиретти.

27-апрелде Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринде өспүрүм баланы жакын тууганы унаага байлап сүйрөгөнү белгилүү болгон.

Бирок, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту, балага мыкаачылык мамиле кылган адамды боштондука чыгарып, негизсиз гумандуулук кылганын акыйкатчы сынга алды.

Мындан улам, башкы акыйкатчы бул маселени жеке көзөмөлүнө ала турган болду.

Количество просмотров: 23