• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Таза Коом» долбоорун токтотуп салуу керекпи?

25 Аяк оона 2018 19:19 Бишкек Govori.TV
Бишкек.25.09.2018.Govori.TV.
Мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков “Таза Коом” деген программа менен өз ишин баштаганы белгилүү. Ал эми азыркы учурда бул долбоордун үстүндө эмгектенип жаткан кызматкерлерди таратып, чеги жок эмгек өргүүсүнө кетирип жатканы белгилүү болду. Алардын айтымында бул долбоор кайра иштейби, иштебейби белгисиз болууда. Бул тууралуу, Нарын районунун Казан-Куйган айылындагы «Таза Коом» долбоорунун алкагында иш алып барган кызматкер Токтобеков Муратбек билдирген.
«Албетте, калыстык үчүн ар бир нерсенин күңгөй-тескейин айтып койсо ашыкча болбойт. Так ушул “Таза Коом” программасынын алкагында ар бир айыл өкмөткө ачылган саамалык элди бир топ түйшүктөн арылткан эле. Алсак, райондун борборунан алыс жайгашкан айыл жашоочулары, паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана нике күбөлүк сыяктуу документтер учүн райборборго келип олтурбастан өз айылдарынан гана алып калышты эле. Бул элге карата жасалган жакшылык жана жеңилдиктердин башаты гана болчу. Эми эмне болуп жатат дебейсиздерби? Өткөн жумадан баштап бул аракеттер токтоп, карапайым эл кайрадан райборбордон документ алуу үчүн убарагерчилик тарта башташты, баягы эски системага кайтып… Узун кезек күтмөй, райборбордон алыскы айылдагылардын жол киреси менен убактысын жемей».
Количество просмотров: 29