• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Тазабек Икрамов өлкөгө пайда бербеген чет өлкөлүк адамдардын жарандыгынан ажыратууну сунуштады

6 Бештин айы 2018 15:47 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 06.12.2018. Govori.TV
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов чет өлкөлүк кыргызстандын жарандарын эгер алар өлкөгө эч кандай пайда алып келбей турган болсо кыргызстандын жарандыгынан ажыратууну сунуштады.
Бул пикирди ал бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтты. Икрамовдун айтымында башка улуттун кыргызстандагы өкүлдөрү өлкөгө зыян эле алып келип жатат.
“Алар биздин кыздарыбызга үйлөнүү менен бирге кыргызстандын жарандыгын дагы алып жатышат. Базарларда чет өлкөлүктөр иштеп, биздин соодагерлер түртүлүп калды. Бул жерде кооптону бар”,-деди ал.
Депутат бул үчүн атка минерлерди күнөөлөдү. Анын себебин ал башка өлкөдөн келген адамдарга ыңгайлуу шарттардын түзүлгөнү менен түшүндүрдү.
“Эгер башка улуттун кыргызстандагы өкүлдөрү өлкөнүн бейпилдиги үчүн эч нерсе кылып бере албаса, жарандыгынан ажыратышыбыз керек”,-деген оюн билдирди Тазабек Икрамов.
Количество просмотров: 30