• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Тазабек Икрамов маданият министри Жамангуловду сындады

28 Тогуздун айы 2019 15:44 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Тазабек Икрамов маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангуловду сындады. Бул тууралуу SUPER.KG порталы жазды.

Жасанып, таранып келгениңиз эле болбосо, оозуңузга талкан салып алгандай болуп, бир маселе көтөрбөйсүз. Жазуучулар союзунун маселесин чечели деп айтпайсыз. Алып барган ишиңиз боюнча маалымат берип кетсеңиз, — деген депутат.

Ал эми Азамат Жамангулов маданият тармагында бардык багыттар боюнча иштер жүрүп жатканын айткан.

Жазуучулар союзу менен үч-төрт жолу жолугуп, маселесин уктук. Китептерди чыгаруу, каржылоо боюнча маселелери бар. Өкмөттө да бул маселени талкуулаганбыз. Жакынкы арада бардык союздарга акча бөлүнөт. Ушунун алкагында бул маселе чечилет деп ойлойм, — деп кошумчалаган Жамангулов.

Количество просмотров: 92