Төрага коррупцияга малынбаган таза адам. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов билдирди.
Анын айтымында, Дастан Жумабековду төрагалыктан чакыртып алууга негиз жок.
“Бүгүнкү күндө парламентте алгылыктуу иштер аткарылды. Коррупцияга байланыштуу көптөгөн чечимдерди кабыл алдык. Жогорку Кеңеш өзүнүн ишин толук түрдө аткарып жатат. Ал эми төраганы кызматтан чакыртып алуу сунушуна кошулбайм”,-деди депутат Тазабек Икрамов.