• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

«Тазалык» таштанды чыгаруунун жаңы графигин бекитти

4 Бештин айы 2023 16:01 Бишкек Govori.TV

«Тазалык» муниципалдык ишканасы катуу тиричилик таштандыларын чыгаруунун жаңы графиги иштеп чыгып, бекитти.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жаңы график Бишкек шаарынын санитардык-экологиялык абалын жакшыртуу максатында иштелип чыккан.

Жаңы графикке ылайык, таштандылар жуманын белгиленген күнү саат 9:00дөн 21:00гө чейин аянттын белгилүү периметри боюнча жүргүзүлөт. Күн сайын борбор калаанын ар бир аянтына 6дан техника чыгып, катуу таштандыларды чогултуп, чыгарат.

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын Биринчи май районундагы катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгаруу графиги:

  • Ар дүйшөмбү күнү: БЧК-Ж.Жолу, Т.Молдо-М.Ганди көчөлөрүнүн чарчысында;
  • Ар шейшембиде: М.Ганди-Саадаев, Т.Молдо-БЧК көчөлөрүнүн чарчысында;
  • Ар шаршемби күнү: Садовая-Жапаров, Краснодонцев-М.Ганди, БЧК-Рыскулов көчөлөрү, Көлмө конушу, Алтын-Бешик конушу чарчысында;
  • Ар бейшемби күнү: Фучик-Кустанай, Д. Сяопин-БЧК көчөлөрүнүн чарчысында;
  • Ар жума күнү: Ж.Жолу-БЧК, Фучик-Республика, Тынчтык көчөлөрү, Жеңиш конуштары чарчысында;
  • Ар ишемби сайын: Ч.Айтматов-Абдрахманов пр., Ахунбаев-Л.Толстой көчөлөрү, Мурас-Ордо конушу чарчысында;
  • Ар жекшемби күнү: чарбалык субъектилер.


Октябрь району боюнча «Тазалык» муниципалдык ишканасынын квартал боюнча катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу графиги:

  • Ар дүйшөмбү: Кара-Жыгач конушу;
  • Ар шейшембиде: Көк-Жар конушу;
  • Ар шаршемби: Алтын-Ордо конушу, Полиция шаарчасы;
  • Ар бейшемби: Рухий-Мурас, Тунгуч конуштары;
  • Ар жума: Б. Баатыра-Карадарыя, Л. Толстой-Койбагаров көчөлөрүнүн чарчысында;
  • Ар ишемби күнү: Төкөлдөш, Жогорку Көк-Жар конуштарынын чарчысында;
  • Ар жекшемби сайын: чарбалык субъекттери.

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын Свердлов району боюнча катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу графиги:

  • Ар дүйшөмбү: Аул көчөсү Элебесов көчөсү Керамический конушунан төмөн Карагачев көчөсүнө чейин, Карагачев көчөсү Керамический көчөсүнөн Элебесов көчөсүнө чейин, Элебесов көчөсү Карагачев көчөсүнөн Аул көчөсүнө чейин.
  • Төмөнкү чарчыда: Дача көчөсү Элебесов көчөсүнөн «Каражыгач токою» паркына чейин, «Каражыгач токою» паркы Дача көчөсүнөн ЧЧК, Бакай-Ата конушуна чейин;
  • Ар шейшемби күнү: Жибек Жолу проспектиси Ж.Абдрахманов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейин, Курманжан Датка көчөсү Жибек Жолу проспектисинен Түгөлбай Ата көчөсүнө чейин, Түгөлбай Ата көчөсү Курманжан Датка көчөсүнөн Ж.Абдрахманов көчөсүнө чейин, Ж.Абдрахманов көчөсү Түгөлбай Ата көчөсүнөн Жибек Жолу проспектиси, Келечек конушуна чейин;
  • Ар шаршемби күнү: БЧК Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин, Лермонтов көчөсү БЧКдан Салиева көчөсүнө чейин, Салиева көчөсү Лермонтов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейин, Курманжан Датка көчөсү Салиева көчөсүнөн БЧКга чейин, Дордой-2 конушу № 75 квартал, Дордой конушу № 62 квартал;
  • Ар бейшемби күнү: БЧК Ж.Абдрахманов көчөсүнөн Алма-Ата көчөсүнө чейин, Алма-Ата көчөсү БЧКдан Жибек-Жолу проспектисине чейин, Жибек Жолу проспектиси Алма-Ата көчөсүнөн Ж.Абдрахманов көчөсүнө чейин, Ж.Абдрахманов көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен БЧКга чейин, №16 квартал, №17 квартал, Дордой конушу №63 жана №64 квартал;
  • Ар жума күнү: Саадаев көчөсү Тоголок Молдо көчөсүнөн Феодор Держинский көчөсүнө чейин, Феодор Держинский көчөсү Саадаев көчөсүнөн МЧКга чейин, МЧК Феодор Держинский көчөсүнөн Элебесов көчөсүнө чейин, Элебесов көчөсү МЧКдан Жибек Жолу проспектисине чейин, Жибек Жолу проспектиси Элебесов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин, Тоголок Молдо көчөсү Жибек Жолу проспектиси Саадаев көчөсүнө, «Ак Бата» конушуна чейин;
  • Ар ишемби күнү: Салиева көчөсү Курманжан Датка көчөсүнөн Чыгыш көчөсүнө чейин, Чыгыш көчөсү Салиева көчөсүнөн Киров көчөсүнө чейин, Киров көчөсү Чыгыш көчөсүнөн Калинин көчөсүнө чейин, Калинин көчөсү Луганская көчөсүнөн Ленин проспектине чейин, Ленин проспектиси Калинин көчөсүнөн БЧКга чейин, БЧК Ленин проспектисинен Учкун конушуна чейин, Путепроводная көчөсү Учкун конушунан Чокан Валиханов көчөсүнө чейин, Чокан Валиханов көчөсү Путепроводная көчөсүнөн Шабдан Баатыр проспектисине чейин, Шабдан Баатыр проспектиси Чокан Валиханов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейин, Курманжан Датка көчөсү Шабдан Баатыр проспектисинен Салиева көчөсү, Энесай, Учкун конуштарына чейин;
  • Ар жекшемби күнү: Мадина базары (тигүү калдыктары), 44-квартал.

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын Ленин району Чоң-Арык участогу боюнча катуу тиричилик таштандыларын чыгаруунун графиги:

  • Ар дүйшөмбү: Ортосай айылы, Кожобергенов көчөсү Семетей, Кыргызстан, Ынтымак көчөлөрүнө чейинки чарчыда;
  • Ар шейшембиде: Арча-Бешик конушу (түштүк-Семетей көчөсү, чыгыш-Садырбаев көчөсү, түндүк-Жайыл Баатыр көчөсү, батыш-Чортеков көчөсү);
  • Ар шаршемби күнү: Арча-Бешик конушу (түштүк-Жайыл Баатыр көчөсү, чыгыш-Садырбаев көчөсү, түндүк-Ахунбаев көчөсү, батыш-Чортеков көчөсү чарчысында);
  • Ар бейшемби үч бурчтукта: түштүк-Күйүков көчөсү, чыгыш-Чортеков көчөсү (түндүк/батыш) Муром көчөсү. Түштүк-Өмүр көчөсү, чыгыш-Кырк-Кыз көчөсү, түндүк-М.Өмүракунов көчөсү, батыш-Ашар көчөсү чарчысында;
  • Ар жума: Селекция, Эгиналиев, Ашар, М.Өмүракунов, Б.Алыкулов көчөлөрү чарчысында;
  • Ар ишемби: М.Өмүракунов көчөсү, Ак-Бата көчөсү, Лущихин көчөсү, Б.Алыкулов көчөлөрү чарчысында, чарбалык субъектилер.

Муниципалдык администрация шаардыктарды жана борбордун конокторун Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин сактоого чакырат жана таштандыларды туура эмес жерлерге таштоо жана өрттөө үчүн эсептик көрсөткүчтүн 55тен 230га чейинки (5500дөн 23000 сомго чейин) өлчөмүндө айып пул КР «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 115-беренесине ылайык каралгандыгын эскертет.

Теги:
Количество просмотров: 145