• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Тазалыктын» басма сөз катчысы вице-мэрге: Мэрге арыздарды жеткирбөөнүн аракетин көрөсүз

6 Бирдин айы 2020 9:39 Бишкек Govori.TV

«Тазалык» ишканасынын басма сөз катчысы Жибек Каракеева вице-мэр Мирлан Амантуровдун айткандарына жооп жазып, маянасы тууралуу айтып берип, вице-мэрге «сиз айтып жаиткандай 50, 70, 100 сомго чейин айлык албайм» деген.

«Мирлан Казылаевич, менин окладым 11 890 сом, атайы маянамдын эсеп барагын сүрөткө тартып жатам. Айрым учурларда менде жөн гана түшкү тамактанууга акчам жок калат. «Тазалыктын» ишин башка иштер менен айкалыштырып келем. Ал эми көчө шыпыргандар 5-10миң сом албайт, алардын айлык маянасы 8 миңден 25 миң сомго чейин жетет, айрым учурларда андан да көп болот. Сөзүм кур болбоосу үчүн алардын да эсеп барагын тартып, киргизип жатам. Эмне себептен «Тазалыкка» болгон мамилеңиз мынчалык начар, аны бөлүп жарып, жеке колго өткөрүү аракетиби. Жолдордогу аңдар тууралуу арыздарга көңүл бурбай, менин оозумду жапканга аракет кыласыз», — деп жазган Каракеева.

Басма сөз катчы мындан тышкары вице-мэрдин инстаграмдагы баракчасын да сынга алып, эл көркүнө иш алып барып жатканын кошумчалаган.

«Арыздар боюнча башка канал ачып, мэрге маалымат жеткирбөөнүн аракетин көрөсүз», — деди басма сөз катчы.

Количество просмотров: 147