• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

«Тазалыктын» кызматкерин унаа сүзүп кетти. Ал ошол жерде каза болгон

15 Жалган куран 201916:01 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 15.03.2019. Govori.TV.

«Тазалык» муниципалдык ишкананын 36 жаштагы кызматкерин унаа сүзүп кеткен. Жабырланучу кырсык болгон жерде каза болгон. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирген.

«Алдын ала маалыматтарга ылайык унаа катуу ылдамдыкта келе жаткан, себеби каза болгон жаран 20 метрдей аралыкка учуп кеткен»,-деп айтылат маалыматта.

Мекемеден белгилегендей окуя кечки саат 8 дер чамасында болгон. «Тазалыктын» кызматкери тиешелүү формасында жарык чагылдырган сызыктар болгон жана ал тазалап жаткан аймакка толугу менен жарык берүү каражаттары орнотулган.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы ырастагандай, окуяга айыптуу айдоочу кармалды. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Жалал-Абад облусунун Казарман айылынын тургуну Үсөн Жусубалиев Бишкекте, Тынчтык массивинде жашаган. Жубайы да «Тазалык» ишканасында эмгектенет.

Бишкек шаардык мэриясы жана «Тазалык» муниципалдык ишканасы маркумдун жакындарына көңүл айтуу менен айдоочуларды этияттыкка чакырат.

Количество просмотров: 12