Бишкек шаардык прокуратурасы Бишкек мэриясына караштуу “Тазалык” муниципалдык ишканасында текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу прокуратура билдирди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө ишкананын айрым кызматкерлерине 7 млн. 179 миң 498 сомдук 134,2 тонна күйүүчү майлоочу майларды мыйзамсыз берүү менен бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактысы аныкталды.
Прокуратура тарабынан “Тазалык” ишканасынын жооптуу кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланганы белгилүү болгон. Алар 2022-2024-жылдары мыйзамсыз буйруктарды чыгарып, ишкананын айрым кызматкерлери менен жеке автоунааны кызматтык максатта пайдалануу боюнча расмий келишимдерди түзүшүп, 2022-2024-жылдары жеке жана башка адамдардын кызыкчылыгы үчүн күйүүчү майлоочу материалдарды пайдаланышкан.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.