• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

«Тазалыктын» кызматкерлери митингге чыгышты

11 Баш оона 2022 17:30 Бишкек Govori.TV

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын айрым кызматкерлери мэриянын Бишкектин Биринчи Май районундагы таштанды чыгарууну жеке ишканага берген чечимине каршы нааразылык акциясына чыкты.

Аларга учурда шаардын вице-мэри Олег Попиков келип жолугуп, Биринчи май району шаардын борборундагы чоң район болгондуктан техникалары бар ишканага берилгенин түшүндүрүүгө аракет кылууда. Айрым кызматкерлер “Тазалык” муниципалдык ишканасынын техникасын жакшыртуу менен шаардын тазалыгын камсыз кылууга болоорун айтып жатат.

7-августта Бишкек мэриясы Биринчи Май районунда чогулган акыр-чикирлерге байланыштуу тургундар арасындагы нааразылыктар жөнүндө билдирүү таратып, бул районду «Эко Проф» жеке компаниясы тазалап жатканын кабарлаган.

Количество просмотров: 1235