• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Тажик блогери милицияда сурак кол көтөрүү менен коштолгонун айтты

6 Кулжа 2022 11:32 Бишкек Govori.TV

Белгилүү тажик блогери жана журналист Далер Имомали укук коргоо кызматкерлери аны кармап, беш саат суракка алышканын билдирди.

YouTube-каналына жайгаштырган видеодо блогер окуя 4-июнда болгонун айтты.

Бул күнү анын мобилдик телефону күндүз кечке иштеген эмес, “Фейсбуктун” ондогон колдонуучулары анын тагдырына тынчсызданышкан. Далер Имомали Шохмансур районунда мыйзамсыз түрттүрүлгөн үйлөр жөнүндө программа жасагандан кийин суракка алып кетишкенин жана кол көтөрүшкөнүн айтты.

“Алардын бири: “жаакка жегениңди кантип далилдейсиң», деди. Алар бир нече жолу чаап жиберишти. Бирок буга далил жок. Мен адамча сүйлөшүү керектигин, террорист же экстремист эместигимди айттым”, деген блогер.

Далер Имомали сурак учурунда ЖМК жөнүндө мыйзамдын бир нече беренесин бузууга күнөөлөшкөнүн айтты. Ал айыптоолорго макул эмес.

Блогер бийликтин талабы менен Шохмансур районундагы жашоочулардын түрттүрүлгөн үйлөрү жөнүндөгү репортажын өчүрүүгө мажбур болгонун белгиледи.

Далер Имомалинин “Ютубда” 137 миң катталуучусу бар, видеолору миллиондон ашуун көрүүчү топтойт.

Акыркы үч айдан бери ал экинчи жолу суракка чакырылды.

Количество просмотров: 161