• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Тажик чек арачылары КРдин аскерин ур-токмокко алганы үчүн кечирим сурашты

14 Баш оона 2018 11:01 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 14.08.2018.Govori.TV.
Тажик чек арачыларынын өкүлү, Кыргыз чек ара кызматынын аскерлерин кармап алып, орой мамиле жасап, бир кызматкердин денесине жеңил жаракат келтиришкендиги үчүн кечирим сурап жана чек арачыларын жоопкерчиликке тартканын билдирген. Бул тууралуу маалыматты кыргыз мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.
Ал эми социалдык тармактарда кызуу талкуу жараткан видеодогу окуя 20-июлда болгон. Анда тажик чекарачылары мыйзамсыз түрдө КРдин мамлекеттик чек ара кызматынын эки аскерин жана эки жөнөкөй жаранды кармап алышып, аскерлердин бирөөсүн ур-токмокко алганын көрүүгө болот.
Мындай аракети менен Тажикстан тарап мурда жетишилген эки тараптуу макулдашууну бузган жана ошол эле күнү эки тараптын сүйлөшүүлөрү жүрүп кармалган эки чек арачы менен эки жаран өткөрүлүп алынган.

https://www.facebook.com/isken.afidjanov.9/videos/2042301769165601/

Количество просмотров: 29