• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Тажик президенти кесиптештерин өзгөчө тосуп алды

17 Аяк оона 2021 11:12 Бишкек Govori.TV

ЖККУ жана ШКУга мүчө мамлекеттердин президенттери Душенбедеги Өкмөт үйүндө өткөн жыйыны аяктагандан кийин бейрасмий жолугушту. Кечеге Беларусь башчысы Александр Лукашенко, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Пакистан ислам республикасынын өкмөт башчысы Имран Хан катышты.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон келген конокторду өзгөчө тосуп алып, Өкмөт үйүнүн атайын бөлүнгөн аймагында айыл чарба продукцияларынын көргөзмөсүн көрсөткөн. Анда мөмө-жемиш, коон, дарбыз жана өлкөнүн улуттук тамак-ашы өзгөчө кооздолуп коюлган.

Количество просмотров: 43