• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Тажик тарап Чоң-Алайдагы кыргыз чек арачыларын көздөй ок атты

17 Аяк оона 2022 13:50 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курч бойдон калууда. Бул тууралуу КР УМКМнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тажик тарап ок атышууну токтотуу келишимин бузуп, саат 12:37де кыргыз чек арачыларынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Тешик-Таш, Карамык жана Кароол-Дөбө айылдарындагы позицияларын миномет жана артиллериялык түзүлштөрдөн аткылай баштаган.

Белгиленгендей, КР УКМКнын Чек ара кызматынын Ош облусуна жайгаштырылган бөлүктөрү жооп иретинде ок чыгарган. Бирок, кырдаалды турукташтыруу максатында кыргыз аскерлери ок атууну бир тараптуу токтотту.

Учурда Кыргызстан жана Тажикстан чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү күтүлүүдө.

Количество просмотров: 543