Тажикстандын аскер кызматкерлери чек ара аймагында окопторду казып баштаган. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев билдиргенин “Кактус медиа” агенттиги жазып чыкты.
Анын айтымында, бүгүн облустук жетекчиликтин жыйыны өттү. Анда чек арадагы абалды жана чек арадагы чыр-чатактардын алдын алуу чаралары талкууланган.
“Бизге тажик тарап чек ара аймагында окопторду казып жатканы тууралуу маалымат келип түштү. Бул маалымат тастыкталды. Биз бул маселе боюнча кандай иштерди аткарарыбызды талкууладык. Тиешелүү түзүмдөрдүн жетекчилери менен чогулуп, абалды талкуулайбыз деп макулдаштык“, – деди Алимбаев.
Буга чейин социалдык тармактарда Катта-Туз участкасында окоптор казылып жатканы айтылган.