• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Тажик тарап маалыматтык согушта фейктерин колдонууда

19 Аяк оона 2022 17:04 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын кол салуусунан кийин интернет желесинде тажик тараптын фейк, троллдору социалдык тармактарга жалган ысымдар жана сүрөттөр менен катталып, саясий темаларга дембе-дем комментарий жазып, Кыргыз Республикасын терс өңүттө көрсөтүүнүн үстүндө жандуу иштеп жатат.

Алсак, Баткендеги Саатбек Эгембердиев жана Бекжан Жалилов аттуу жарандардын атынан Фейсбукта фейк баракчалар ачылган.

Ал эми 17-сентябрь күнү кечинде «УКМКнын башчысы барымтага алынды, кол алдында иштеген адамдар аны 16-сентябрдан бери көрүшкөн эмес» деген маалыматтар тарады. Атайы кызмат бул маалыматты четке кагып, расмий билдирүү таратты.

Бүгүн президент Садыр Жапаров да түз эфирде кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, жарандарды интернетте аралаган чагымчыл маалыматтарды ылгай билүүгө чакырды.

“Урматтуу кыргызстандыктар, ата-бабаларыбыз эзелтен сөз баккан эл. Интернет желесинде аралаган чагымчыл маалыматтарды ылгай билели. “Ачуу душман – акыл дос” дейт, ачууга алдырып, божомолдонгон, такталбаган маалыматтарга ишенип, ортого от жаккандардын торуна түшүп калбасаңыздар. Жүзү кара чагымчылдардын тилине кирип, стратегиялык өнөктөш, дос өлкөлөрдүн, бизге тилектеш элдердин дарегине жөн жерден жалаа жаап албайлы”, — дейт ал.

Мамлекет башчы коогалаңдуу шартта бир гана расмий органдар тарабынан берилип жаткан малыматтарга гана ишенүү керектигин белгиледи.

Бул арада кыргыз интернет колдонуучулары дүйнө жүзүнө жана коңшу тажик элине чындыкты жеткирүү аракетин көрүштү.

Медиа сабаттуулук, маалыматты туура таратуу жалпы айтканда бирдиктүү маалымат саясаты жүрүп жатат. Мамлекттик органдардын басма сөз кызматтары жигердүү иш алып барууда. Өлкөдөгү ЖМКлар Тажикстандын биринчилерден болуп Кыргызстанга ок атуусу боюнча маалыматтарды обьективдүү жана башка тилдерге которуу менен берип жатат.

Деген менен дүйнөлүк медиа жеке кыргыз өкмөтү тарабынан башкача айтканда мамлекеттик деңгээлде расмий билдирүүлөрдү албаган өңдүү. Анткени дүйнөлүк басылмаларда тажик тарапты жактаган бир тараптуу маалыматтар жарыяланып жатканын көрүүгө болот.

Мындай жагдай кыргыз бийлигинин маалымат кызматтарынын дүйнөлүк басылмалар менен өз ара алакасы аксап жатканынан кабар бергенсийт.

Количество просмотров: 92