• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

УКМК: Ташиев барымтада деген маалымат жалган

17 Аяк оона 202220:11 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун аймагында кырдаалды жөнгө салуу боюнча тиешелүү органдардын жана күч түзүмдөрүнүн ишин координациялоону улантып жатат . Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта социалдык тармактардагы УКМКнын башчысы барымтага алынды, кол алдында иштеген адамдар аны 16-сентябрдан бери көрүшкөн эмес деген маалыматтар чындыкка дал келбей тургандыгы айтылган.

«Ташиев 16-сентябрь күнү кечинде Баткен облустук штабынан түз эфирде акыркы кырдаал боюнча маек берген. Ага жалпы коомчулук күбө болгон», — деп айтылат маалыматта.

УКМК Кыргызстандагы кырдаалды туруксуздаштырууга, өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин бузууга кызыкдар тышкы күчтөр тарабынан жигердүү таратылып жаткан ар кандай жалган маалыматтарга ишенбөөнү суранат.

Количество просмотров: 1055