• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Тажик тарап ок атты. Кыргызстандын бир чек арачысы каза болду.

16 Аяк оона 2019 22:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 16-сентябрда тажик тарап Лейлек районундагы Максат айылындагы чек ара бекетине, андан соң Сай айылындагы бекетке ок аткан. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирет.

Кыргызстандын бир чек арачысы каза болду. Ок атуу 21:30га карата токтогону кабарланды.

Учурда абалды жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү өткөрүүдө. Жаңжалдын чыгышына чек арага жакын жердеги такталбаган аймакка тажик жарандары курулуш иштерин баштаганы себеп болгон.

Ошол эле кезде Тажикстан кыргыз тарап Исфара менен Ворух анклавын байланыштырган жолго көзөмөл өткөрмө бекетин курганы жатканын билдирүүдө. Алардын айтымында, кыргыз тарап курулуш иштерин башташ үчүн төрт вагон да орноткон.

Количество просмотров: 235