• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Тажик тараптын кол салуусунан 63 жарандын каза болгонуна 40 күн өттү

27 Тогуздун айы 2022 9:13 Бишкек Govori.TV

Баткен жана Лейлек районунун аймагында 14-17-сентябрь күнү орун алган тажик тараптын кол салуусунан 63 жарандын каза болгонуна 40 күн өттү. Буга байланыштуу шейит кеткендерди эскерип, аларга багышталып куран окулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Кыргызстан Мусулмандарынын аалымдар кеңешинин мүчөсү Абдүшүкүр ажы Нарматов жана облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери, район акимдери, курман болгондордун жакындары, ошондой эле аксакалдар катышты.

Жалпысынан 250дөн ашык адам катышкан иш-чарада облус башчысы Абдикарим Алимбаев сөз сүйлөп, каза болгондордун жакындарына өлкө башчы Садыр Жапаровдун жана жеке өзүнүн атынан көңүл айтып, сабырдуулук каалады. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө каза болгондорго багышталып куран окулган.

Количество просмотров: 87